КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2024-жылдын 07-марты №28-02
Көк-Бел айылынын тургуну Ж. Ашимовдун арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде, Көк-Бел айылынын тургуну Ж.Ашимовдун арызын карап жана талкуулап чыгып Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну Ж.Ашимовго өз каражатынын эсебинен Көк-Бел айыл аймагынын Эш жайлоосунан “Караташ” участкасына түшкөн суу булактарынан Көк-Бел айылынын эли үчүн суу түтүгүн орнотуп, ичүүчү таза суу алып келүүгө жана суу топтоочу резервуар курууга уруксат берилсин.
2. Алынып келүүчү сууну топтоочу резервуар үчүн 0,10га жер ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
3. Суу түтүгү орнотулуучу жерди жана резервуар курулуучу жер аянтын тактоо айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык иштер боюнча адиси Ш. Шерматовго милдеттендирилсин.
4. Тиешелүү иш кагаздарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы айыл өкмөттүн жетекчилигине жана айыл тургуну Ж.Ашимовго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |