КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 29-сессиясы
2024-жылдын 11-апрели №29-02
Тамаркага берилүүчү жер аянтынын
өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №73-статьясынын 2-пунктуна ылайык, Көк-Бел айыл аймагынын элинин арызын жана Көк-Бел айыл өкмөтүнүн сунушун карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыдан берилүүчү тамарка жерин 0,07га өлчөмүндө берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык иштер боюнча адиси Ш.Шерматовго Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу мекемеси менен биргеликте берилүучү жердин генералдык планын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |