Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 29-сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели  №29-03

Башка жактан келген малдарды

жайгаштыруу жөнүндө

                                                                                                                            

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 2011- жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”,  2022-жыл 1-апрель  № 21  “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө”  мыйзамдарынын негизинде, Көк-Бел айыл аймагынын элинин арызын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жакынкы жайыттарына жана элдин үлүш жерлерине башка жактан мал алып келип багууга тыюу салынсын.

2. Башка жактан алынып келинген малдар 2 күндүн ичинде келишимдин негизинде алыскы жайыттарга которулсун.

3. Башка жактан келген малдарын элдин үлүш жерине, айыл аймактын жакынкы жайыттарына жайган мал багуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берип, укук коргоо органдарына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт жетекчиси А. Адыбаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төрага

 А.Ашимов