Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 30-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели  №30-01

Көк-Бел айыл аймагынын   административдик чек арасынын схемалык картасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Көк-Бел айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Көк-Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Бел айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык

картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасына жана Көк-Бел айыл өкмөтүнүн

      башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат райондук жергиликтүү мамлекеттик

администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

  

Төрага

 А.Ашимов