Редакцияот 07.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 31-сессиясы

 

2024-жылдын 07-майы  №31-03

Көк-Бел айылынын тургундарын ижара акыдан бошотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”  Мыйзамына таянып, Көк-Бел айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен 1га жер аянтын иштетип жаткан Көк-Бел айылынын жарандарын ижара акыдан бошотууга уруксат берилсин.

2. Жер аянтын иштетүүгө тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык иштер боюнча адиси Ш.Шерматовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төрага

 А.Ашимов