Редакцияот 29.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы

 

2024-жылдын 29-майы  №32-05

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2002-жыл 5-декабрь № 57 жана Көк-Бел

айылдык кеңешинин 2003-жыл 9-январь № III-4 токтомдору жөнүндө

                                                                                          

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде Көк-Бел айылдык   кеңеши айыл жашоочуларынын арызын карап жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Бел айылынын тургундарына там арка жер үчүн Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2002-жыл 5-декабрь № 57 жана Көк-Бел айылдык кеңешинин 2003-жыл 9-январь № III-4 токтомдору менен № 943- контурдан айыл тургундарына берилген 0,15 га өлчөмүндөгү жер аянты жана № 895- контурдан айыл тургундарына берилген 0,12га жер аянты өзгөрүүсүз калтырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төрага

 А.Ашимов