Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-шайланган) биринчи уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры  № 1/11

Ынтымак айылына таза суу түтүкөрүн  тартуу үчүн, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карала турган бюджетинен өздүк салым үчүн, 80 000 (сексен ) миң сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.

 

Кыргыз Респбуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31”-Айылдык Кенешти компетенциясы жөнүндө” беренесинин “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондордон пайдаланышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2-“Тийешелүү аймактын социалдык-маданий инфрастуруктурасын өнүктүрүү боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн жетекчилике алып Кара-Кочкор айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ынтымак айылына таза суу түтүкөрүн райондук өнүктүрүү фондунун жардамы менен тартуу үчүн, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карала турган бюджетинен өздүк салым үчүн, 80 000 (сексен ) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жана Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Мухамедысак уулу Э