Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-шайланган) биринчи уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры  № 1/14

10 000 (он) мин сом акча каражатын каржылап берүүгө кепилдик берүү жөнүндө.

 

 Кара -Кочкор айыл аймагындагы Октябрь айылындагы “Айыл -Ичи” каналын капиталдык ремонттон өткөрүү жана бетондоо жумуштарын жасоо үчүн Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинен  10 000 (он) мин сом акча каражатын каржылап берүү жөнүндөгү “Тен-Алыш” СПАнын жетечисинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара -Кочкор айыл аймагындагы Октябрь айылындагы “Айыл -Ичи” каналын капиталдык ремонттон өткөрүү жана бетондоо жумуштарын жасоо үчун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 000 (он) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жана Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Мухамедысак уулу Э