Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы N 673 токтомуна)
Бизнести баалоо СТАНДАРТЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт бизнести баалоо жаатындагы түшүнүктөрдү, терминологияны, баалоо жүргүзүү методологиясын жана тартибин аныктайт.
2. Бул стандарт Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттери тарабынан нарктын түрүн, баалоо объектин, баалоого карата мамилелерди жана баалоо методдорун аныктоодо колдонууга милдеттүү болуп саналат жана төмөнкүлөрдү баалоого жайылтылат:
1) чарбакер субъект катары иштеп жаткан ишкананы;
2) субъекттин менчигинде турган же ага мүнөздүү болгон активдерди жана милдеттенмелерди;
3) капиталдагы үлүштөрдү.
3. Терминдер жана аныктамалар. Бул стандартта баалоо иши жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда келтирилген маанидеги терминдер жана аныктамалар да колдонулат.
Иштеп жаткан ишкана - азыркы учурда иштеп жаткан ишкана.
Кирешелүү ыкма - бизнестин наркы келечекте күтүлүп жаткан кирешенин учурдагы наркы менен аныкталуучу бир же бир нече методду колдонуу менен бизнестин наркынын көрсөткүчүн, бизнестеги үлүштү же баалуу кагазды эсептөөнүн жалпы жолу.
Чыгымдуу ыкма (таза активдерге негизделген ыкма) - ишкананын активдеринин жана/же анын өздүк капиталынын наркын аныктоонун жалпы ыкмасы, анын алкагында милдеттенмелерди алып салуу менен ишкананын активдеринин учурдагы/баалоо датасына карата рыноктук наркын эсептөөгө түздөн-түз негизделген бир же андан көп методдор колдонулат.
Инвестицияланган капитал - узак мөөнөттүү негизде бизнестеги карыздын жана өздүк капиталдын суммасы.
Капитал - бардык милдеттенмелерди алып салгандан кийинки компаниянын активдериндеги үлүш. Бул өзүнчө беренелер түрүндө берилет: менчик ээлери тарабынан салынган капитал (акционердик коомдор үчүн: жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар), башка капитал, бөлүштүрүлбөгөн пайда, резервдер жана ушул сыяктуулар.
Капиталдаштыруу (бизнести баалоодо):
1) кирешени наркка конверсиялоо;
2) бизнестин капиталынын түзүмү;
3) чыгымдарды мезгилдин ичиндеги чыгашалар катары эмес, капиталдык актив катары таануу.
Капиталдаштыруу коэффициенти - ишкананын кирешесин/пайдасын наркка келтирүү үчүн колдонулган пайыздык ставка.
Түзөтүлгөн баланстык нарк - баланстык нарктын чоңдугу, ал активдердин же милдеттенмелердин бир же бир нече беренелери бухгалтердик китептердеги тиешелүү жазууларга салыштырмалуу өзгөргөндөн кийин алынат.
Ишкананын өздүк капиталы (ишкананын туруктуулук көрсөткүчү) - ишкананын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма; жөнөкөй акциялардын, резервдердин жана бөлүштүрүлбөгөн пайданын наркынан турат (ишкананы сатууда ишкананын өздүк капиталы боюнча анын ишкердик кадыр-баркы бааланат); ишкананын балансынын пассивинин биринчи бөлүмүнүн мазмунуна туура келет.
Жеке жүгүртүү капиталы - күндөлүк (жүгүртүлүүчү) активдер менен күндөлүк (жүгүртүлүүчү) милдеттенмелердин ортосундагы айырма.
Салыштырмалуу ыкма - бул ишкананын же анын өздүк капиталынын наркын аныктоонун жалпы ыкмасы, анын алкагында акциялардын пакетинин же ишкананын бүткүл наркын ушуга окшош толук же акция катары сатылган ишкананын наркы менен салыштырууга негизделген бир же андан көп методдор колдонулат.
Таза активдер - суммардык активдерден кемитилген суммардык милдеттенмелер.
Таза акча агымы - белгилүү бир операциялык мезгилде бизнестин бардык акча муктаждыктары канааттандырылгандан кийин калган акча каражаттарынын суммасы. Таза акча агымы өздүк капиталды же инвестицияланган капиталды толуктоо үчүн жумшалууга мүмкүн болгон акча каражаты катары каралат.
2-глава. Бизнести баалоо стандарттарынын тартиби жана методологиясы
4. Бизнестин наркын баалоодо төмөнкүдөй методдор колдонулат:
1) чыгымдуу ыкма;
2) салыштырмалуу ыкма;
3) кирешелүү ыкма.
Рыноктук, техникалык жана башка маалыматтар болгондо, баалоо үчүн үч ыкма тең колдонулат.
Ыкмалардын кайсы бирин колдонуунун мүмкүн эместиги баалоо жөнүндө отчетто негизделиши керек.
5. Чыгымдуу ыкма.
Чыгымдуу ыкманын маңызы түзөтүлгөн таза наркты алуу үчүн түзөтүлгөн активдердин суммасынан түзөтүлгөн милдеттенмелердин таза суммасын алып салуу. Чыгымдуу ыкманы ишке ашырууда баштапкы (тарыхый) чыгымдардын базасында түзүлгөн баланстык отчет бардык материалдык жана материалдык эмес активдер жана бардык милдеттенмелер алардын рыноктук наркы боюнча берилген баланстык отчетко алмаштырылат.
Бизнес баштапкы же алгачкы өнүгүү стадиясында болгон, анын кирешеси жана/же акча агымы так аныкталбаган учурларды кошпогондо, чыгымдуу ыкма бизнести баалоо үчүн же чыгашалуу ишканалар үчүн сейрек кездешет, ошол эле учурда бизнестин активдери жана милдеттенмелери боюнча адекваттуу рыноктук маалымат жеткиликтүү болот.
Эгерде баалоо ишкана жоюлууга тийиш деген божомолдон улам жүргүзүлсө, активдерди алардын рыноктук наркы боюнча баалоо жана бул нарктан милдеттенмелердин рыноктук наркын жана активдерди жоюу боюнча кандай болбосун сарптоолорду алып салуу зарыл.
6. Салыштырмалуу ыкма.
Салыштырмалуу ыкмада каралып жаткан бизнести окшош бизнестер, бизнестеги үлүштөр же ачык рынокто бүтүмдөр жүргүзүлгөн баалуу кагаздар менен салыштырат. Бизнестин кайсы гана болбосун түзүмүнө карата өткөн бүтүмдөр же сунуштар да нарктын болжолу болушу мүмкүн.
Салыштырмалуу ыкмада эсептөөлөр чарбалык иштин негизги көрсөткүчтөрү боюнча окшош бизнеске салыштыруунун негизинде жүргүзүлөт.
Бизнести салыштырып баалоону жүргүзүүдө аналог-компаниянын субъектинин чарбалык ишинин финансы-экономикалык эсептөөлөрү пайдаланылат. Салыштыруу элементтерине төмөнкүлөр кирет:
1) сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрү боюнча баалануучу бизнеске окшоштук;
2) көлөмү жана окшош бизнес боюнча маалыматтарды текшерүү мүмкүнчүлүктөрү;
3) окшош бизнес менен бүтүмдөрдүн шарттары (салыштырылуучу бизнестин баасы көз карандысыз коммерциялык бүтүмдүн шарттарын чагылдырабы).
Финансы-экономикалык көрсөткүчтөрдүн салыштырмалуу талдоосун аналог-компаниялар менен баалануучу бизнестин ортосундагы окшоштуктар жана айырмачылыктар боюнча жүргүзүү зарыл.
Ачык компанияларды же иш жүзүндөгү бүтүмдөрдү талдоонун негизинде бааны кандайдыр бир кирешеге же таза активдердин көрсөткүчүнө бөлүү жолу менен баалоо коэффициенттери (мультипликаторлор) эсептелет. Мындай ыкманы эсептөөдө жана тандоодо төмөнкү нерселерге көңүл буруу керек:
1) мультипликатор бизнестин наркы жөнүндө маалымат бериши керек;
2) мультипликаторду баалануучу бизнес үчүн алгылыктуу кылуу үчүн түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынышы мүмкүн. Салыштыруучу жана баалануучу бизнеске карата тобокелдиктин жана күтүүлөрдүн деңгээлиндеги айырмачылыктарга түзөтүүлөрдү мисал катары келтирүүгө болот;
3) ошондой эле контролдун, ликвиддүүлүктүн деңгээлине же пакеттин өлчөмүнө карата баалануучу үлүш менен бизнес-аналогдордогу үлүштөрдүн ортосундагы айырмачылыктарга түзөтүүлөр талап кылынышы мүмкүн.
Эгерде баалоо үчүн болжол катары баалануучу бизнес менен болгон мурдагы бүтүмдөрдүн маалыматтары пайдаланылса, убакыт факторун, ошондой эле экономикадагы, тармактагы жана бизнестеги жагдайлардын өзгөрүшүн эске алуу менен түзөтүүлөр киргизилүүгө тийиш.
Акциялардын же үлүштөрдүн рыноктук баалары, акцияларды жана үлүштөрдү сатып алуу баалары же иштин мындай же чектеш түрүн жүзөгө ашырган ишканалар да баалоого тигил же бул мамилени колдонуунун алкагында алынган бизнестин наркынын маанисин текшерүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
7. Кирешелүү ыкма.
Кирешелүү ыкманы колдонуу менен наркты алуу үчүн ар кандай методдор колдонулат. Эң кеңири таралган методдор болуп кирешелерди капиталдаштыруу жана акча агымын же дивиденддерди дисконттоо саналат. Алынган наркка жердин, имараттардын, машиналардын жана жабдуулардын, өздүк жүгүртүү каражаттарынын, материалдык эмес активдердин салымы кирет.
Кирешелерди капиталдаштыруу методу туруктуу акча агымын капиталдаштыруу ставкасына бөлүү жолу менен бизнестин, бизнеске ээлик кылуу үлүшүнүн же баалуу кагаздын наркын аныктоону камсыз кылат.
Акча агымын жана (же) дивиденддерди дисконттоо келечектеги бир нече мезгилдердин ар бири үчүн эсептелген акча агымын дисконттоо жолу менен бизнестин, бизнеске ээлик кылуу үлүшүнүн же баалуу кагаздын наркын белгилейт.
Кирешелер жана акча агымдары ар кандай негизде өлчөнүшү мүмкүн. Кирешелер же акча агымдары салыкты төлөөгө чейин же салыкты төлөөдөн кийин, реалдуу жана номиналдык мааниде эсептелиши мүмкүн. Колдонулган капиталдаштыруу же дисконттоо ставкасы кирешелердин же акча агымынын колдонулган базасына дал келиши керек.
Кирешелүү ыкма кирешени же акча агымын капиталдаштыруу учурунда капиталдаштыруу коэффициентин эсептөөнү, ал эми акча агымын дисконттоодо эсептик ставканы эсептөөнү талап кылат. Тиешелүү ставкаларды эсептөөдө пайыздык ставкалардын деңгээли, рыноктун катышуучулары күткөн окшош инвестицияларга кирешелүүлүк ставкаларынын деңгээли, ошондой эле күтүлүүчү пайда агымына байланышкан тобокелдик сыяктуу факторлор эске алынышы керек.
Күтүлүүчү киреше же пайда күтүлүүчү өсүштү жана пайданы алуу убактысын, пайданын агымына байланышкан тобокелдикти, убакытка жараша акчанын наркын, капиталдын түзүмүн жана бизнестин мурунку натыйжаларын, ошондой эле тармактык жана жалпы экономикалык факторлорду эске алуу менен эсептөө аркылуу наркка чыгарылат.
Ишкананын (бизнестин) наркын баалоодо ашыкча активдерди, башкача айтканда операциялык ишке катышпаган активдерди эске алуу зарыл.