Загрузка документа…
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 16-октябрындагы № 673
токтому менен бекитилди)
Баалоо жөнүндө отчеттун мазмунуна жана аны тариздөөгө талаптардын
СТАНДАРТЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт Кыргыз Республикасында баалоо иши боюнча ченемдик документтердин системасын өнүктүрүү максатында иштелип чыкты жана баалоо боюнча кызматтарды көрсөткөн юридикалык жана жеке жактардын колдонуусу үчүн багытталган.
2. Кандай болбосун баалоо жүргүзүүнүн негизги жыйынтыктоочу документи болуп отчет эсептелет, анда баалоо объектинин наркы жөнүндө баалоочунун негиздемелери жана тыянактары камтылат.
3. Бул стандарт баалоочунун кесиптик иш бөлүгүндөгү милдеттерин регламенттейт, отчетту жазууда колдонулуучу терминдерди аныктайт жана баалоо жөнүндө отчетко карата талаптарды белгилейт.
4. Терминдер жана аныктамалар. Бул стандартта баалоо иши жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда берилген мааниде терминдер жана аныктамалар да колдонулат.
Баалоону актуалдаштыруу - объекттин физикалык абалында жана анын рыноктогу абалында олуттуу өзгөрүүлөр болбогон шартта жаңы датага карата баалоо объектинин наркын тактоо. Актуалдаштыруунун натыйжалары мурда аткарылган толук отчетко толуктоо же кыскача отчет түрүндө берилиши мүмкүн.
Баалоо датасы - объектке баалоо жүргүзүлгөн жана анын наркы аныкталган дата (күнү, айы, жылы).
Заказчы - анын заказы менен баалоо боюнча иш жүргүзүлгөн жеке же юридикалык жак.
Баалоого тапшырма - баалоо жүргүзүүгө келишимдин тиркемеси болгон, зарыл болгон талаптарды жана менчиктин наркын аныктоо үчүн маалыматты камтыган жана тараптардын алдыдагы иштин натыйжаларынын мазмунун бирдей мааниде түшүнгөндүгүн күбөлөндүргөн юридикалык документ.
Сапатсыз (анык эмес) баалоо - баалоо стандарттарында каралган принциптерди, ыкмаларды, методдорду, баалоо жол-жоболорун бузуу менен жүргүзүлгөн баалоо.
Баалоо жөнүндө отчет - баалоо объектинин наркы жөнүндө кесипкөй пикирди ырастоо үчүн жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан түзүлгөн жазуу жүзүндөгү документ.
Кайра баалоо - бул алынган натыйжаны кайра текшерүү же актуалдаштыруу зарыл болгон учурда мурда бааланган объектиге карата жүргүзүлүүчү баалоо. Кайра текшерүү баалоого жана анын натыйжаларын тариздөөгө болгон бардык талаптарды сактоо менен толук көлөмдө аткарылат.
Рецензиялоо - заказчы үчүн отчетту рецензиялоо боюнча рецензент баалоочу тарабынан аткарылуучу иш-чаралардын жыйындысы.
2-глава. Баалоо жөнүндө документтердин мазмунуна жана тариздөөгө талаптар
5. Баалоо боюнча иштин натыйжалары "Баалоо жөнүндө отчет" деп аталган жазуу жүзүндөгү документ түрүндө таризделет.
6. Баалоо жөнүндө отчет баалоого тапшырманын талаптарынын анык жана так сыпатталышын, максаттарды жана баанын болжолдуу пайдаланылышын камтууга, акыркы жыйынтыктарга жана нарктын маанисине түздөн-түз таасирин тийгизген кандай болбосун жол берилген жана четтөөчү шарттарды түшүндүрүүгө тийиш. Отчетто ошондой эле баалоо процессинде пайдаланылуучу аналитикалык жол-жоболорду түшүндүрмө камтылышы мүмкүн. Андан тышкары аткарылган баалоонун объективдүүлүгүнө мүмкүн болуучу күмөн саноолордон качуу үчүн, отчетто баалоочунун компетенттүүлүгүн жана көз карандысыздыгын, алардын этикалык жана кесиптик ченемдерди сактагандыгын ырастаган тиешелүү маалымат келтирилиши мүмкүн.
7. Маалымат, талдоо, пикир, тыянактар жана корутундулар так ачып берилүүгө, жеткиликтүү болууга жана жаңылышууларга алып келбөөгө тийиш.
8. Мүлктү баалоо жөнүндө отчетко мүлктү баалоону түздөн-түз жүргүзгөн баалоочулар кол коёт, баалоочунун жеке мөөрү (болсо) менен күбөлөндүрүлөт.
Баалоо жөнүндө отчет баалоо уюмунун баалоочусу тарабынан түзүлгөн учурда, отчет баалоо уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет жана бул баалоо уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
9. Иштердин көлөмүн, жүргүзүлгөн баалоонун мазмунун жана натыйжаларын тараптардын бирдей мааниде түшүнүүсүн тактоо үчүн "Баалоого тапшырма" келишиминин тиркемеси катары жазуу жүзүндө макулдашуу максатка ылайык.
10. Соттун аныктамасынын же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде баалоо жүргүзүүдө баалоочу тиешелүү аныктамада же чечимде көрсөтүлгөн баалоо объектинин белгилүү бир наркынын түрүн пайдаланууга милдеттүү, ал эми ал баалоо жөнүндө отчетто камтылууга тийиш.
11. Баалоо жөнүндө отчет баалоо стандарттарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келүүгө тийиш. Баалоо объектинин наркынын жыйынтыктоочу чоңдугу, эгерде келишимде башкача каралбаса, улуттук валютада жана абсолюттук чоңдукта көрсөтүлүүгө тийиш.
12. Чет мамлекеттин баалоочусу тарабынан даярдалган баалоо жөнүндө отчет же башка баалоо документи Кыргыз Республикасынын аймагында анын легитимдүүлүгүн таануу максатында милдеттүү түрдө рецензияланууга тийиш. Рецензиялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 426 "Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Рецензиялоонун алкагында отчеттун Кыргыз Республикасынын баалоо иши жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына, колдонуудагы баалоо стандарттарына ылайык келиши, ошондой эле берилген маалыматтардын толуктугу, негиздүүлүгү жана аныктыгы текшерилет. Рецензенттин оң корутундусунан кийин отчет Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилет деп таанылышы мүмкүн.
13. Баалоо иштеринин өндүрүштүк процессинде техникалык, рыноктук, бухгалтердик, финансылык жана башка маалыматтарды чогултуу жана талдоо зарыл, ал баалоо объектинин наркына карата негизделген ой-пикирди алуу үчүн зарыл жана жетиштүү болушу мүмкүн. Маалыматтын ар бир түрү үчүн аны алган булакты көрсөтүү керек.
14. Заказчы баалоочуга алардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык баалоо жүргүзүүдө берилген документтердин жана башка маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
15. Баалоочу анын кесиптик компетенциясынын чегинен чыккан жааттардан, анын ишенимине татыктуу болгон башка кесиптеги адистерден алынган маалыматтарга таянууга укуктуу.
16. Баалоочу анын кесиптик компетенциясынын жаатына кирген, ишенимдүүлүгүнө күмөн санаган маалыматтарды колдонууга укугу жок. Көрсөтүлгөн талаптар кардар алардын аныктыгы жөнүндө билдирген учурда да, баалоо боюнча ишти заказ кылган кардардан алынган маалыматтарга да жайылтылат.
17. Келишимдин шарттарына жана берилген маалыматтын көлөмүнө жараша баалоо жөнүндө отчет төмөнкүдөй формалардын биринде түзүлүшү мүмкүн:
1) толук отчет;
2) кыскача отчет.
18. Бүтүндөй мүлк комплекстерине (акциялар, үлүштөр, пайлар) көз карандысыз баалоо жүргүзүү учурунда мүлктү баалоо жөнүндө отчетту кыскача формада түзүүгө уруксат берилбейт.
19. Отчеттун кыскача формасы баалоочу тарабынан мурда аткарылган баалоону актуалдаштырууда жана толук отчетту кыскача баяндоодо колдонулушу мүмкүн. Мында кыскача отчет толук көлөмдө аткарылган отчетко шилтемени камтууга тийиш.
20. Толук жана кыскача отчеттор бирдей даражадагы далилдөөгө ээ болууга тийиш. Баалоочунун кароосу боюнча баалоо жөнүндө отчеттун курамында (же өзүнчө) жүргүзүлгөн иштердин максаттары жана алынган натыйжалар көрсөтүлгөн коштоочу каттар болушу мүмкүн.
21. Баалоочу баалоо жөнүндө отчеттун формасын (эгерде заказчы менен келишимде башкача каралбаса) Кыргыз Республикасынын баалоо иши жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына, баалоонун тиешелүү ченемдерине, эрежелерине жана стандарттарына ылайык, ошондой эле өзүнүн кесиптик тажрыйбасын жетекчиликке алуу менен өз алдынча аныктоого укуктуу.
22. Баалоо жөнүндө толук отчет брошюраланууга, номери коюлууга жана логикалык жана ченемдик ырааттуулукта берилген төмөнкү милдеттүү бөлүмдөрдү камтууга тийиш:
1) мазмуну;
2) баалоо объектинин аталышы;
3) баалоо объектинин жайгашкан жери жана почта дареги;
4) баалоо жүргүзүүнүн негизи (келишим, тапшырма, ченемдик акт);
5) баалоонун максаты жана натыйжаларды болжолдуу пайдалануу;
6) аныкталуучу нарктын түрү жана анын негиздемеси;
7) баалоо датасы жана ишти жүргүзүү мезгили;
8) берилүүчү отчеттун формасы (кагаз жүзүндө, электрондук, айкалыштырылган);
9) баалоо объектинин заказчысынын жана менчик ээсинин аталышы;
10) баалоо боюнча иштердин аткаруучусунун аталышы (баалоочу, уюм);
11) баалоо ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерге шилтемелер;
12) баалоодо кабыл алынган негизги шарттар, чектөөлөр жана жол берүүлөр;
13) баалоо объекти жөнүндө жалпы маалыматтар, анын ичинде сыпаттоо жана кароонун жыйынтыктары;
14) мүлктүн жайгашкан жеринин сыпаттамасы;
15) баалануучу мүлктүн жана мүлктүк кызыкчылыктардын техникалык абалын идентификациялоо жана сыпаттоо;
16) рыноктук маалыматты талдоо, анын ичинде аналогдорго жана маалымат булактарына сереп;
17) финансылык абалды талдоо (бизнести же мүлктүк комплексти баалоодо);
18) баалоо объектин кыйла натыйжалуу пайдаланууну талдоо (зарыл учурда);
19) баалоонун колдонулуучу ыкмаларын жана методдорун негиздөө;
20) эсептөө жол-жоболору жана кабыл алынган жалпылоолор;
21) ар кандай ыкмалар менен алынган натыйжаларды макулдашуу;
22) кабыл алынган чечимди негиздөө менен баалоо объектинин наркы жөнүндө тыянактар жана корутунду;
23) тиркемелер (сунушталуучу):
- баалоочунун кесиптик квалификациясы жөнүндө маалыматтар;
- колдонулуучу терминология;
- заказчы берген документтердин көчүрмөлөрү;
- баалоонун жүрүшүндө колдонулган документтердин көчүрмөлөрү жана маалымат булактары;
- колдонулган адабияттардын жана ченемдик актылардын тизмеси;
- баалоонун аныктыгын жана негиздүүлүгүн ырастаган башка материалдар;
24) Баалоого тапшырма.
Баалоого тапшырма баалоочу менен заказчынын ортосунда макулдашылган баалоонун негизги параметрлерин, шарттарын жана максаттарын камтыган жазуу жүзүндөгү документти билдирет.
Баалоого тапшырма баалоо жол-жоболорунун милдеттүү элементи жана баалоо жүргүзүүгө келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Баалоого тапшырма баалоочу тарабынан түзүлөт, заказчы менен макулдашылат жана иштерди аткаруу башталганга чейин эки тарап тең кол коёт.
Зарыл болгон учурда баалоого тапшырма баалоону аткаруу процессинде, жаңы маалыматтар пайда болгондо же тапшырмаларды тактоодо такталышы жана толукталышы мүмкүн.
Баалоого тапшырма түзүү үчүн жоопкерчилик баалоочуга жүктөлөт.
Заказчы баалоочуга тапшырмада каралган чектерде зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана баалоо объектине жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
Кол коюлган баалоого тапшырма жок болгон учурда, баалоочу ишти аткарууну ал бекитилгенге чейин токтотуп турууга укуктуу.
Баалоого тапшырма төмөнкү милдеттүү элементтерди камтууга тийиш:
1) баалоо объектинин идентификациясы: аталышы, жайгашкан жери, сыпатталышы, сандык мүнөздөмөлөрү;
2) баалануучу укуктардын идентификациясы: укуктардын, четтөөлөрдүн, оордуктардын сыпатталышы;
3) баалоонун максаты жана натыйжаларды болжолдуу пайдалануу;
4) аныкталуучу нарктын түрү жана тиешелүү өбөлгөлөр;
5) баалоо датасы жана иштерди аткаруу мөөнөттөрү;
6) өзгөчө жол берүүлөр, атайын шарттар, чектөөлөр жана иштердин көлөмү;
7) заказчы берүүчү жана баалоочу колдонуучу маалымат булактары;
8) натыйжаларды берүү формасына талаптар: валюта, маанилердин интервалы, отчеттун тиби;
9) отчетту пайдаланууга, жайылтууга жана жарыялоого чектөөлөр;
10) колдонулуучу баалоо стандартына шилтеме;
11) ушул стандартка каршы келбеген отчетко карата конкреттүү талаптар.
23. Кыскача отчет брошюраланууга жана жетиштүү түрдө кыскартылган көлөмдө (талдоо жана эсептөө методологиясын, жол-жоболорун жана башка ушул сыяктууларды кеңири сыпаттабастан) милдеттүү маалыматты камтууга тийиш.
24. Кыскача отчет эреже катары көп сандагы типтүү объекттердин натыйжаларын тариздөө үчүн пайдаланылат жана атайын иштелип чыккан формалар, бланктар жана таблицалар түрүндө берилиши мүмкүн.
25. Баалоо объектинин наркы жөнүндө тыянактар жана/же корутундулар милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) баалоо объектинин аталышы;
2) аныкталуучу нарктын түрү;
3) баалоо датасы;
4) колдонулган ыкмалар жана/же методологиялар;
5) баалоонун натыйжасында алынган нарктын чоңдугу.
26. Зарыл болгон учурда баалоочу тыянакта жана/корутундуда баалоонун натыйжаларын пайдаланууга тиешелүү өзүнүн болжолдорун жана эскертүүлөрүн чагылдырууга укуктуу.