Загрузка документа…
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы N 673 токтомуна)
Материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо СТАНДАРТЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоого карата колдонулат.
2. Бул стандарт материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо менен байланышкан негизги түшүнүктөрдү, терминологияны, методикалык ыкмаларды аныктайт.
3. Терминдер жана аныктамалар. Ошондой эле бул Стандартта баалоо иши чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларда берилген мааниде терминдер жана аныктамалар колдонулат.
Автордук келишим - чыгарманын автору же анын мураскору менен чыгарманы пайдалануучунун ортосунда түзүлүүчү келишимде аныкталган мөөнөткө бул чыгармага карата мүлктүк укуктарды берүү жөнүндө келишим.
Материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттеринин идентификацияланышы - өз алдынча эсептик бирдикке (патент, товардык белги ж.б.у.с.) бөлүнүүчүлүгү, ал төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалышы мүмкүн:
1) бөлүнүүчүлүк касиети (компания активдерди ижарага ала алат, сатат же алмаштырат, ошондой эле бизнестин катышуучуларынын ортосунда конкреттүү келечектеги экономикалык пайданы бөлүштүрүшү мүмкүн);
2) юридикалык укуктардын болушу жана мүнөзү;
3) бул активден келип түшүүчү келечектеги экономикалык пайданы идентификациялоо.
Ноу-хау - купуялуулук камсыздалган шартта ишкананын ишинде колдонулган жана кирешени же башка пайданы алып келген техникалык жана башкаруучулук мүнөздөгү (административдик, коммерциялык жана финансылык) билим жана тажрыйба.
Интеллектуалдык менчик объекттери - укуктук жактан коргоого алынуучу интеллектуалдык иштин натыйжасы жана аларга теңештирилген товарларды, жумуштарды, юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн жекелештирүүнүн каражаттары.
Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктар - мүлктүк укук болуп саналган өзгөчө укукту, ошондой эле жеке мүлктүк эмес укуктарды жана интеллектуалдык менчик объекттерине карата башка укуктарды (улантуу укугу, пайдалануу укугу ж.б.у.с.) камтыган укук. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктар интеллектуалдык иштин тиешелүү натыйжасы же жекелештирүү каражаттары чагылдырылган материалдык алып жүрүүчүгө (буюмга) карата менчик укугуна көз каранды эмес.
Ишкана - ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу мүлктүк комплекс. Ишкананын курамына мүлктүк комплекс катары мыйзамдарда же келишимде башкача каралбаса, анын иши үчүн пайдаланылуучу мүлктүн бардык түрлөрү, анын ичинде жер тилкелери, имараттар, курулмалар, жабдуулар, шаймандар, сырье, продукция, талап кылуу укуктары, карыздар, анын ишин жекелештирүүчү белгилерди пайдаланууга укуктар (фирмалык аталышы, товардык белги) жана башка өзгөчө укуктар.
Материалдык эмес активдердин наркы - иштеп жаткан ишкананын наркы менен анын материалдык активдеринин наркынын ортосундагы айырма.
Иштеп жаткан ишкананын алкагында интеллектуалдык менчик объекттеринин наркы - интеллектуалдык менчик объекттеринин жыйынды пайдалуулугун жана товарларды өндүрүүдө жана кызматтарды көрсөтүүдө ишкананын бүтүн комплекс катары иштешинин жыйынтыгына кошулган салымды чагылдырган чоңдук.
Зыян - укугу бузулган адамдын бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн жасаган же жасай турган чыгымдары, ошондой эле мүлктү жоготуу же бузуу.
4. Бул стандарттын максаттары үчүн баалоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандартынын тиешелүү жоболору пайдаланылат.
2-глава. Баалоо объекттери
5. Бул стандарттын баалоо объекттери болуп материалдык эмес активдер (мындан ары - МЭА) жана интеллектуалдык менчик объекттери (мындан ары - ИМО) саналат.
6. МЭАга гудвилл жана идентификацияланган ИМО кирет. МЭАны таануунун критерийлерине төмөнкүлөр таандык болот:
1) идентификацияланышы;
2) юридикалык жактын экономикалык пайданы алуу үчүн МЭАнын контролдоо жөндөмдүүлүгү;
3) келечекте экономикалык пайданы алып келүү жөндөмдүүлүгү.
7. ИМО төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1) өнөр жайлык менчик объекттери (ойлоп табуулар, өнөр жай үлгүлөрү, пайдалуу моделдер);
2) жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларын жана алар тарабынан өндүрүлгөн продукцияны, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү (товардык белгилер, тейлөө белгилери, фирмалык аталыштар, товар келип чыккан жерлердин аталыштары) жекелештирүү каражаттары;
3) автордук укук объекттери (бардык түрдөгү электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программалар, анын ичинде колдонмо программалар жана операциялык системалар, маалыматтар базасы, адабий чыгармалар, музыкалык чыгармалар, хореографиялык чыгармалар, боек менен тартылган сүрөттөр, скульптуралар, графика, дизайн жана сүрөт искусствосунун башка чыгармалары, декоративдик-колдонмо жана стенографиялык искусствонун чыгармалары, архитектура, шаар куруу жана багбанчылык-парктык искусствонун чыгармалары, фотографиялык чыгармалар жана фотографияга окшош ыкма менен алынган чыгармалар, географиялык, геологиялык жана башка карталар, пландар, эскиздер жана геологияга, топографияга жана башка илимдерге таандык чыгармалар жана башка чыгармалар);
4) чектеш укуктардын объекттери (коюулар, аткаруулар, фонограммалар, эфирдик жана кабелдик берүү уюмдарынын берүүлөрү);
5) салттуу эмес ИМО (селекциялык жетишкендиктер, интегралдык микросхемалардын топологиялары, ачылбаган маалымат, анын ичинде өндүрүштүк сырлар (ноу-хау) жана башкалар).