Редакцияот 23.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

VII Чакырылыш, 8-сессиялык отурум

 

2024-жылдын 23-майындагы № 20

Социалдык объектилерди Жайыл айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө“ Жарлыгына ылайык, Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде жана Жайыл айыл өкмөтүнө Калдык, Кара-Дөбө айылдары кошулганына байланыштуу Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү социалдык объектилер Жайыл айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн;

- «Наристе-Калдык» Мектепке чейинки билим берүү уюму;

- Калдык айылындагы клуб;

- Кара-Дөбө айылындагы Негизги мектеп;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

 

 

Жайыл айылдык кеңешинин

төрагасы

 

 

Мамбеткулов А.А.