Загрузка документа…
6-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы N 673 токтомуна)
Кыймылдуу мүлктү баалоо СТАНДАРТЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт кыймылдуу мүлктү баалоо жаатындагы түшүнүктөрдү, терминологияны, баалоо жүргүзүү методологиясын жана тартибин аныктайт.
2. Бул стандарт Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттери тарабынан нарктын түрүн, баалоо объектин, баалоого карата ыкмаларды жана баалоо методдорун аныктоодо колдонууга милдеттүү болуп саналат жана төмөнкүлөрдү баалоого жайылтылат:
1) материалдык формадагы кыймылдуу мүлктү;
2) транспорт каражаттарын;
3) машиналарды жана жабдууларды.
2-глава. Баалоо ыкмалары
3. Кыймылдуу мүлктүн наркын баалоодо төмөнкүдөй ыкмалар колдонулат:
1) чыгымдуу;
2) салыштырмалуу;
3) кирешелүү.
Рыноктук, техникалык жана башка маалымат болгондо, баалоо үчүн үч ыкма тең колдонулат.
Ыкмалардын кайсы бирин колдонуунун мүмкүн эместиги баалоо жөнүндө отчетто негизделиши керек.
4. Чыгымдуу ыкма.
Чыгымдуу ыкма так көчүрмөнү кайра түзүү наркынын же учурдагы (баалоо күнүнө карата) баада баалоо объектин жаңы катары ошого тете алмаштырууга (алмаштыруу наркы) жана ага мүнөздүү жалпы эскирүүгө байланыштуу объекттин наркынын жоготууларынын ортосундагы айырма катары ордун толтуруунун калдык наркын аныктоого негизделет.
Объекттин наркын аныктоодо чыгымдуу ыкманын башкы элементтери болуп баалануучу объектти түзүү, сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан чыгымдар (коромжулар) саналат.
Объекттин наркын белгиленген, өндүрүштүк процесске тартылган катары аныктоодо объектти кайра түзүү (алмаштыруу) наркы объектти сатып алууга, ташууга жана орнотууга (монтаждоо жана ишке киргизүү-жөндөө иштерине) бардык чыгымдарды эске алуу менен аныкталат.
Белгиленбеген, өндүрүштүк процесске тартылбаган объекттин наркын аныктоодо кайра түзүү (алмаштыруу) наркынын курамына даярдоочу заводдун сатуу баасы жана объектти белгиленген жерге жеткирүү боюнча транспорттук чыгымдар, ошондой эле бардык алымдар жана акциздер кирет.
Баалоо объектин толук эмес комплекттөөдө (айрым түйүндөр, агрегаттар, шаймандар жана башкалар жок болсо) жетишпеген элементтердин наркын комплекттелген объекттин кайра түзүү (алмаштыруу) наркынан алып салуу зарыл.
Жалпы эскирүүдө ар кандай факторлордун таасирине байланыштуу объекттин наркынын төмөндөшү эске алынат. Эскирүүнүн себептери объекттин өзүнө же бул объекттин тегерегиндегилерге (кыйла мыкты жана атаандаштыкка жөндөмдүү аналогдордун пайда болушуна, жаңы технологиялардын пайда болушуна же объект киргизилген технологиялык чынжырчанын өзгөрүшүнө), же объектке түздөн-түз тиешеси жок, башкача айтканда ага карата тышкы жагдайларга тиешелүү болушу мүмкүн. Кыймылдуу мүлк объекттеринин баасынын түшүүсүнүн негизги факторлору болуп физикалык, функционалдык жана экономикалык эскирүүлөр саналат.
Физикалык эскирүүнү эсептөөдө баалануучу объекттин кызмат кылуу мөөнөтүн, жүргүзүлгөн оңдоолорду, түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын техникалык абалын, ошондой эле жоголгон керектөө касиеттерин калыбына келтирүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн жана экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу зарыл.
Функционалдык эскирүү бул технологиялык өзгөрүүлөрдүн, жаңы конструкциялардын жана материалдардын пайда болушунун, объектти оптималдуу колдоно албоонун натыйжасы, натыйжасыз жайгаштыруу жана компановкалоо, заманбап өндүрүштүн талаптарына салыштырмалуу өндүрүштүк кубаттуулуктун ашыктыгы, өндүрүштүк процесстин тең салмаксыздыгы сыяктуу жана башка факторлордон улам объектти оптималдуу пайдалануу мүмкүн эместигинин натыйжасы болуп эсептелет.
Экономикалык (тышкы) эскирүү объективдүү экономикалык себептердин, жабдуулардын айрым түрлөрүн пайдаланууга коюлуучу чектөөлөрдүн, объекттин инвестициялык жагымдуулугун төмөндөтүүчү тышкы чөйрөнүн башка факторлорунун натыйжасында объектти толук эмес иштетүү менен байланышкан.
5. Салыштырмалуу ыкма.
Салыштырмалуу ыкма окшош объекттердин мүнөздөмөлөрүн жана касиеттерин салыштырууга негизделген жана алмаштыруу принцибинде түзүлөт: рационалдуу ыкма менен потенциалдуу сатып алуучу объект үчүн керектөө касиеттери боюнча рыноктогу объектинин наркынан ашык төлөбөйт.
Салыштырмалуу ыкма мындай объекттерди сатуу жана сунуштоо жөнүндө ишенимдүү рыноктук маалымат болгондо колдонулат.
Рыноктук маалыматтарды жыйноо бүтүмдүн негизги шарттары, физикалык, техникалык мүнөздөмөлөрү, баалоо объектинин наркын түзүүгө жана өзгөртүүгө түз таасирин тийгизген параметрлер жана элементтер боюнча бааланган объекттердин максималдуу окшоштугуна шайкештик талаптарын канааттандырууга негизделүүгө тийиш.
Милдеттүү салыштырмалуу эсепке алынууга тийиш болгон негизги элементтерге жана мүнөздөмөлөргө төмөнкүлөр кирет:
1) өткөрүлүп берилүүчү укуктардын курамы;
2) бүтүмдөрдү жүргүзүү жана каржылоо шарттары;
3) бүтүмдөрдү жүргүзүү убактысы (датасы);
4) физикалык жана техникалык мүнөздөмөлөр (анын ичинде комплектациялоо);
5) экономикалык көрсөткүчтөр;
6) баалоо объекти менен байланышпаган нарктын компоненттери.
Киргизилген оңдоолор (түзөтүүлөр) абсолюттук жана салыштырмалуу (пайыз, үлүш менен) чоңдуктарда берилиши мүмкүн.
Бир мезгилде бир эле объектти баалоо үчүн бир нече мүнөздөмөлөр жана көрсөткүчтөр боюнча салыштыруу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Салыштырмалуу ыкма менен аныкталган баалануучу объекттин наркынын чоңдугу жөнүндө акыркы чечим ушуга окшош объекттерге түзүлгөн бүтүмдүн (же сунуштардын) оңдоп-түзөтүлгөн бааларынан алынган талдоонун негизинде кабыл алынат.
Рыноктук так маалымат болгондо, баалоо объектинин наркын салыштырмалуу ыкма менен аныктоо үчүн математикалык статистиканын методдорун колдонууга уруксат берилет.
6. Кирешелүү ыкма.
Кирешелүү ыкма күтүү принцибине негизделет жана наркты баалануучу объектти эксплуатациялоодон келечекте күтүлгөн кирешелердин (пайдалардын) дисконттолгон (азыркы учурга келтирилген) чоңдугу катары карайт. Келечекте күтүлүп жаткан артыкчылыктардын булагы: эксплуатациялоодон түшкөн киреше (өндүрүш процессинде колдонуу же ижарага алуу), реверсиядан (ээлик кылуу мөөнөтүнүн аягында сатуудан) түшкөн киреше.