Редакцияот 23.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

VII Чакырылыш, 8-сессиялык отурум

 

2024-жылдын 23-майындагы № 21

Жайыл районунда 2024-ж. спорттук иш-чараларды өткөрүүгө каражат бөлүү жөнүндө

 

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-мартындагы № 107-б “2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, Жайыл районунун аймагында спорттук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде, Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы - М.Ж.Кокоевдин сөзүн угуп жана талкуулап, берилген материалдарды карап чыгып, Жайыл айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылы спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө каражат бөлүнсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

 

Жайыл айылдык Кеңешинин

төрагасы

 

 

Мамбеткулов А.А.