Загрузка документа…
7-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы N 673 токтомуна)
Жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоо СТАНДАРТЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул стандарттын колдонулушу жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоого жайылтылат.
2. Бул стандарт Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоонун бирдиктүү принциптерин, ыкмаларын жана методологиялык негиздерин белгилейт.
3. Стандарт мамлекеттик, көз карандысыз, соттук жана корпоративдик баалоону жүргүзүүдө, ошондой эле экологиялык мониторингдин жана аудиттин алкагында колдонулат.
4. Терминдер жана аныктамалар. Бул стандартта баалоо иши жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда келтирилген маанидеги терминдер жана аныктамалар да колдонулат.
Жаратылыш ресурстары - потенциалдуу же иш жүзүндөгү экономикалык баалуулукка ээ болгон жана адамдын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылуучу жаратылыш чөйрөсүнүн элементтери (жер, суу, аба, жер казынасы, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү, күн энергиясы жана башкалар).
Жер казынасы - жер кыртышынын жер бетинен төмөн жайгашкан, пайдалуу кендерди, геотермалдык, гидрогеологиялык жана башка ресурстарды камтыган, сарамжалдуу өздөштүрүлүүгө жана корголууга тийиш болгон бөлүгү.
Минералдык ресурстар - өнөр жайлык казып алуу үчүн жарактуу рудалык, отун жана рудалык эмес пайдалуу кендерди камтыган жер казынасындагы табигый түзүлүштөр.
Суу ресурстары - ичүүчү, техникалык, айыл чарбалык жана өнөр жайлык суу менен жабдуу үчүн пайдаланылуучу жер үстүндөгү жана жер астындагы суулар.
Табигый потенциалы бар жер участоктору - өнүмдүүлүгү, экологиялык туруктуулугу жана айыл чарбалык, токой же рекреациялык пайдалануу үчүн жарактуулугу бар аймактар.
Токой жана биологиялык ресурстар - жандуу жаратылыштын компоненттери, анын ичинде экосистемалардын алкагында түзүлүүчү жыгач, жапайы өсүмдүктөр, аңчылык жана балык ресурстары.
Альтернативдүү табигый энергия булактары - табигый процесстер аркылуу пайда болгон кайра жаралуучу ресурстар: күн радиациясы, шамал энергиясы, геотермалдык агымдар.
Экологиялык, рекреациялык жана маданий маанидеги аймактар - өзгөчө коргоо статусуна, эстетикалык баалуулукка же тарыхый-маданий мааниге ээ болгон участоктор.
Баланстык запастар - учурдагы технологиялык жана рыноктук шарттарда казып алуу экономикалык жактан максатка ылайыктуу деп таанылган пайдалуу кендердин көлөмдөрү.
Баланстан тышкаркы запастар - азыркы учурда экономикалык, технологиялык же экологиялык себептер боюнча казып алуу максатка ылайыксыз болгон пайдалуу кендердин көлөмдөрү.
Потенциалдуу ресурстар - геологиялык жана геофизикалык маалыматтардын негизинде бар экендиги болжолдонгон, бирок чалгындоо менен ырасталбаган ресурстардын болжолдонгон көлөмдөрү.
Жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоо - ченемдик укуктук актыларды пайдалануу менен жаратылыш ресурстарынын жана жер казынасынын наркын, көлөмүн, сапатын жана жарактуулугун аныктоо процесси.
Жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоонун чыгымдуу ыкмасы (мындан ары - ЖРжЖК) - ресурстарды өздөштүрүү үчүн зарыл болгон жыйынды физикалык жана нарктык параметрлерге, анын ичинде капиталдык жана операциялык сарптоолорго негизделген баалоо методу (ыкмасы).
ЖРжЖКны баалоонун кирешелүү ыкмасы - дисконттоо жана сценарийди талдоо ыкмаларын колдонуу менен ресурс менен генерацияланган келечектеги акча агымдарын болжолдоого негизделген баалоо методу (ыкмасы).
ЖРжЖКны баалоонун салыштырмалуу ыкмасы - инфраструктурага, тобокелдиктерге жана жеткиликтүүлүккө түзөтүүлөрдү колдонуп, белгилүү рыноктук наркы менен окшош объекттерди талдоого негизделген баалоо методу (ыкмасы).
Региондук өзгөчөлүк - долбоорду баалоо жана ишке ашыруу параметрлерине таасир этүүчү геологиялык, климаттык, инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык шарттардын жыйындысы.
Ченемдик укуктук база - жер казынасын пайдаланууну, айлана-чөйрөнү коргоону, жер мамилелерин жана баалоо ишин жөнгө салуучу мыйзамдык жана ченемдик актылардын жыйындысы.
Экологиялык чектөөлөр - айлана-чөйрөгө таасир этүүгө байланышкан талаптар жана лимиттер, анын ичинде экологиялык экспертиза жүргүзүү жана жаратылышты коргоо ченемдерин сактоо зарылдыгы.
Институционалдык талаптар - баалоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде геологиялык кызмат, экологиялык ведомстволор, кадастр органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу шарттары.
Баалоо тобокелдиктери - геологиялык, технологиялык, рыноктук, укуктук жана экологиялык тобокелдиктерди кошо алганда, баалоонун натыйжаларынын аныктыгына жана колдонулушуна таасир этүүгө жөндөмдүү анык эместик факторлорунун жыйындысы.
Өзгөчө жол берүүлөр - менчик ээсинин ниетин, активдердин курамынан чыгарылышын, ченемдик чөйрөнүн жана рыноктук шарттардын туруктуулугун кошо алганда, баалоонун алкагында кабыл алынуучу божомолдор.
Сандык баалоо - физикалык бирдиктердеги ресурстардын көлөмүн өлчөө (тонна, унция, м3, га ж.б.).