Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2025-жылдын 09-декабры, № 13/3
Айыл аймагындагы “Тунук-Булак таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын ичинде аткарган иштерин кароо жөнүндө
Тилектеш айыл аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо багытында “Тунук-Булак таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын ичинде аткарган иштерин кароо жөнүндөгү айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо багытында “Тунук-Булак таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын ичинде аткарган иштеринин абалы кемчиликтерди эске алуу менен “канааттандырарлык”деп белгиленсин жана калкка ичүүчү таза сууну жеткирүүдө толук кандуу камсыз кылуу жана ар бир суу пайдалануучу менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси А.Иманахуновго милдеттендирилсин.
2.Жайыт төлөмдөрүн өз учурунда топтоо, жайлоо, жайыт жолдорун учурунда оңдоо, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу боюнча айылдардан чыгарылган таштандыларды белгиленген жерлерге таштоо, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз учурунда топтоп, өздүк эсепке котортуп, мыйзам чегинде иш алып баруу, ошондой эле муниципалдык ишканага тиешелүү техникаларды оң абалда кармап, өз убагында техникалык кароодон өткөрүп, ар бир аткарган иштери боюнча так эсеп жүргүзүү жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси А.Иманахуновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат жана уюштуруу, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |