Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2025-жылдын 09-декабры, № 13/8
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Асыран Маматов, Капар Ташиев атындагы көчөлөрүнүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Асыран Маматов көчөсүнүн № 2-а дарегинде жайгашкан жер тилкесине мечит куруу жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Зикировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 14-пунктуна таянып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи Май айылындагы мечитке 488,85 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесинин юридикалык иш кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суралсын жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси Ж.Зикировго жүктөлсүн.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге жүктөлсүн, ал эми анын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |