Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы
2025-жылдын 25-декабры, № 14/1
Айылдык кеңеш тарабынан 2025-жылдын ичинде чыгарылган токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө
Тилектеш айылдык кеңеши тарабынан 2025-жылдын ичинде чыгарылган токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы К.Төрөшевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айылдык кеңеши тарабынан 2025-жылдын ичинде чыгарылган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы К.Төрөшевдин маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2.Чыгарылган токтомдордун жыл ичинде аткарылышынын айрым кемчиликтерин жоюу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Б.Болушовага тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |