Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы
2025-жылдын 25-декабры, № 14/2
Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыл ичинде аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Тилектеш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары тарабынан 2025-жылдын ичинде аткарылган иштердин абалы жөнүндө туруктуу комиссиялардын төрагаларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан 2025-жылдын ичинде аткарылган иштердин абалы жөнүндө туруктуу комиссиялардын төрагаларынын маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2.Туруктуу комиссиялардын аткарган иштеринин жыл ичинде аткарылышындагы айрым кемчиликтерин жоюу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |