Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-декабры № 1152-т
1. 2024-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин, “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун жана “China Road and Bridge Corpоration (CRBC)” компаниясынын ортосундагы “Аэродромдук элементтерди, анын ичинде жасалма учуу-конуу тилкесин, рулеждик жолчолорду жана перронду оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү бөлүгүндө “Манас”, “Ош” эл аралык аэропортторун комплекстүү өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директоруна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы менен “Ош” эл аралык аэропортунда аэродромдук элементтерди, анын ичинде жасалма учуу-конуу тилкесин, рулеждик жолчолорду жана перронду оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө келишим түзүү маселесин башкаруу органдарынын кароосуна киргизүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |