Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрь №7/1
“Кара-Камыш айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнүн жана кафе ресторандардын иш убактысын белгилөө жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында Кара-Камыш айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00 го чейин иштөөсүнө чектөө киргизип берүү боюнча Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-августундагы катын карап Кара-Камыш айылдык кенешинин биринчи чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633тапшырмасын аткаруу максатында Кара-Камыш айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00 го чейин иштоосу боюнча чектөө киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтү милициянын аймактык бөлүмчөсү менен биргеликте кафе-ресторандардын ээлерине жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын.
3. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: | Айтымбет уулу Э |