Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-декабры № 1179-т
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү менен өлкөнүн энергетика системасынын генерациялануучу кубаттуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “2025–2030-жылдардагы көп тармактуу ишти колдоо фонду” программасын каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында “Кайра жаралуучу энергия секторун өнүктүрүү (ГЭС-5те сүзүүчү күн панелдери)” иш-чарасы үчүн субгрант жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |