Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №68
IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрь №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесин жетекчилике алып, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылыт:
1. Фрунзе айыл аймагынын IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2025-жылдын 01-ноябрында саат 10-00 чакырылсын, Фрунзе айыл өкмөтүнүн имаратында өткөрүлсүн.
2. Фрунзе айыл аймагынын жергиликтүү курамы калктын санына жараша 50 делегат болуп белгиленсин.
3. Фрунзе айыл аймагынын жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун 9 адамдан турган курамы бекитилсин, №1-тиркеме
4. 17-октябрынан, 24-октябрына чейин жергиликтүү жамааттар арасында делегаттарды шайлоо боюнча жыйын/чогулуш өткөрүү графикке ылайык, №2-тиркеме
5. Уюштуруу тобу:
- айыл аймагынын жергиликтүү жааматынан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү жана IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүшсүн.
6. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Дюшалиев М.К. |