Редакцияот 17.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 14-сессиясы

 

2025-жылдын 17-декабры № 36

 

Савай айыл аймагындагы Курбан-Кара  айылында Курбан-Кара-4   көчөсүнө асфальт төшөө иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын  34-беренесинин негизинде  Савай айылдык округунун кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1 Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга кабыл алган иш-чаралардын негизинде Курбан-Кара айылындагы Курбан-Кара-4 көчөсүнө 10989,4 миң.сомдук, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 1000,0 миң сом асфальт төшөө иштерин жасоо жөнүндө Савай айыл өкмөтүнүн сунушу колдоого алынсын.

2.Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан Савай айыл аймагынын Курбан-Кара айылындагы Курбан-Кара-4 көчөсүнө 9989,4 миң сомдук асфальт төшөө иштерин жасоо жөнүндө долбоорду колдоп берүү жагы суралсын.

3. Савай айыл өкмөтүнө Савай айыл аймагынын Курбан-Кара айылындагы Курбан-Кара-4 көчөсүнө асфальт төшөө боюнча чараларды уюштуруу жагы тапшырылсын.

4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Осмоналаиев