Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 17-декабры № 37
Савай айыл аймагындагы Кызыл-Шарк айылында С.Шидиева көчөсүнө асфальт төшөө иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга кабыл алган иш-чаралардын негизинде Кызыл-Шарк айылындагы С.Шидиева көчөсүнө 5687,9 миң.сомдук, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 500,0 миң сом асфальт төшөө иштерин жасоо жөнүндө Савай айыл өкмөтүнүн сунушу колдоого алынсын.
2. Кара-Суу районду өнүктүрүү фондунан Савай айыл аймагынын Кызыл-Шарк айылындагы С.Шидиева көчөсүнө 5187,9 миң сомдук асфальт төшөө иштерди жасоо жөнүндө долбоорду колдоп берүү жагы суралсын.
3.Савай айыл өкмөтүнө Савай айыл аймагынын Кызыл-Шарк айылындагы С.Шидиева көчөсүнө асфальт төшөө боюнча чараларды уюштуруу жагы тапшырылсын.
4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |