Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 17-декабры № 40
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026- жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү иш-чаралар планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө Савай айыл аймагынын 2026-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планы боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |