Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 17-декабры № 43
Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылы үнөмдөлгөн каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айылдык округунун кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын, Савай айылдык округунун 2025-жылдын 17-декабрындагы кезексиз отурумдарынын протоколдорунун негизинде Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылы үнөмдөлгөн 523,0 миң.сом (беш жүз жыйырма үч миң сом) каражат төмөндөгү максатта иштетүүгө багытталсын:
- 223,0 миң сом ар түрдүү иш-чараларга.
- 300,0 миң.сом – Кыдырша айылындагы асфальт төшөө иштеринин калдык карыздарын төлөө үчүн.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |