Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 17-декабры № 44
Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын 2026-жылга иш-планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын .
Төрага |
| А.Осмоналаиев |