Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №7/2
«Кыргыз Респуликасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Мамлекеттик мекемесинин “Автоунаа ишканасынан” жѳнѳтүлгѳн 2-даана Форд-Транзит автоунаасын Кербен мэриясынын муниципалдык менчигине алуу жөнүндө»
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында
«Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15- беренесине жана Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 01- 20/2018 сандуу катын ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин өнөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 5 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Респуликасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Мамлекеттик мекемесинин “Автоунаа ишканасынан” берилген 2-даана Форд-Транзит автоунаасын Кербен мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Ѳтѳмбаевга жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |