Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-августу №49
Жер участогун эки өз алдынча бөлүккө бөлүү жана максаттуу
багытын өзгөртүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б. Ашимовдун 2025-жылдын 29-июлундагы №У111 Чалдовар айылы, Ленин көчөсү №253 дарегинде жашаган жаран Усманова Венера Жаркынбаевнанын арызы боюнча жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү маалыматтын угуп жана талкуулап 2025-жылдын 11-июлундагы №586 шаар куруу корутундусунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чалдовар айылы, Ленин көчөсү №253 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2433,4 м² болгон жер тилкесин эки өз алдынча бөлүккө бөлүүгө жана максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин:
-№1 участоктун аянты — 2348,5 м², турак жай үчүн;
-№2 участоктун аянты — 84,89 м², дүкөн үчүн.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Панфилов райондук филиалына жиберилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |