Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-августу №50
Айыл чарба багытындагы 127,6га жер участокторун (введение) айыл
өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 7-августундагы №02/5471 катынын негизинде, анда көрсөтүлгөндөй, тергөө материалдарын кароо учурунда Фрунзе айыл өкмөтүнүн аймагында жалпы аянты 127,6 га болгон ээсиз айыл чарба багытындагы жерлер бар экени аныкталгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Ашыкеевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Фрунзенский айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жалпы аянты 127,6 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын, анын ичинде:
-№664 контур – 25,0 га | - №38 контур – 11,9 га | -№40 контур – 50,0 га |
-№252 контур – 0,7 га | -№67 контур – 2,1 га | - №85 контур – 1,4 га |
-№55 контур – 2,1 га | - №9 контур – 16,2 га | -№41 контур – 4,2 га |
-№21 контур – 11,7 га | -№48 контур – 1,4 га | -№51 контур – 0,9 га |
2.Бул токтом Фрунзе айыл өкмөтү тарабынан тийиштүү тартипте каттоого алынып, пайдаланууга өткөрүлүшү камсыздалсын.
3.Айыл өкмөтү тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бул жер тилкелерин укуктук макамын тактоо жана пайдалануу тартибин жөнгө салуу боюнча чараларды көрсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | ДюшалиевМ.К. |