Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-августу №52
Фрунзе айыл аймагында Кыргыз Республикасынын “ Тынчтык
жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрь № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Фрунзе айылдык кеңеши токтом кылыт:
1. Фрунзе айыл аймагында жайгашкан ресторандарда ,эс алуучу жайларда, тойканаларда, кафелерде саат 22:00дөн таңкы 07:00гө чейин ( дем алыш жана майрам күндөрү саат 09-00гө чейин) үн басымын жана ызы-чуунун белгиленген денгээлинен ашууга тыюу салат.
2.Фрунзе айыл өкмөтү тарабынан тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга жакын жайгашкан эс алуучу коомдук жайларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилет.
3.Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Ашыкеевге жана туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Б.Кожоналиевага жүктөлсүн.
Төрага | ДюшалиевМ.К. |