Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-августу №55
Жер участогун эки өз алдынча бөлүккө бөлүү жана максаттуу
багытын өзгөртүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б. Ашимовдун 2025-жылдын 18-августундагы № К-149 Чалдовар айылы, Ленин көчөсү №69 дарегинде жашаган жаран Карбосов Марат Бектурович арызы боюнча жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү маалыматтын угуп жана талкуулап 2025-жылдын 21-июлундагы №513 шаар куруу корутундусунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Чалдовар айылы, Ленин көчөсү №69 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2851,25 м² болгон жер тилкесин эки өз алдынча бөлүккө бөлүүгө жана максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин:
-№1 участоктун аянты — 2341,25 м², турак жай үчүн;
-№2 участоктун аянты — 510,0 м², коомдук мончо үчүн.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Панфилов райондук филиалына жиберилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |