Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-сентябры №63
№3 Чалдовар жалпы билим берүү орто мектебине Касым
Тыныстанов ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарында болгон кенешмени 2025-жылдын 11-апрелиндеги №18-3942 протокодун 5 –пунктуна ылайык Өлкөдөгү бардык аты жок жалпы билим берүүчү мектептерге Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук инсандардын атын ыйгаруу боюнча сунуштарды берүү”ошондой эле Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-августундагы № 03-6/4637 катынын жана №3 Чалдовар жалпы билим берүү орто мектебинин жамааты сунуш катынын негизинде, Фрунзе айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.№3 Чалдовар жалпы билим берүү орто мектебине Кыргыз тил илиминин түптөөчүсү, агартуучу, коомдук ишмер, биринчи кыргыз профессору, жазма адабиятыбыздын негизи салуучусу, акын, драматург- Касым Тыныстанов ысымы ыйгарылсын.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталып, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | ДюшалиевМ.К. |