Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезексиз ХIII - сессиясы
2025-жылдын 31-октябрындагы №13/1
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 31.10.2025-жылдагы №1-6/3230
кайрылуу каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 31.10.2025-жылдын № 01-6/3230 кайрылуу каты, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча комиссиясынын №8 протоколунун негизинде 2 640,0 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын IХ чакырылыштагы кезексиз ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга бекитилген жергиликтүү кирешелердин 14151200 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн” жыйымдын планы 800,0 миң сомго көбөйтүлсүн, шаардык мэриянын 2025-жылга 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесиде бекитилген 1800,0 миң сом азайтылсын.
2.Өзгөртүүлөрдүн жыйынтыгында пайда болгон 2 640,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
- Проекттерди даярдоого - 1 000,0 миң сом;
- Мэриянын отказанына – 150,0 миң сом;
- Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга – 100,0 миң сом;
- Мэриянын кызматтык автоунаасына – 50,0 миң сом;
- КМДга күйүүчү майга жана унаа тетиктерине– 80,0 миң сом;
- Ат майдандын жолуна – 96,0 миң сом;
- 1-май көчөсүн жана №3 балдар бакчасына (шагыл төшөө)- 90,0 миң сом;
- Маданият үйүнө – 50,0 миң сом;
- №6 мектепке – 14,9 миң сом;
- №2 мектептин терезелерине – 888,1 миң сом;
- №4 мектеп автоматка – 7,0 миң сом;
- №7 балдар бакчасына – 99,0 миң сом;
- “Ромашка” балдар бакчасына – 15,0 миң сом;
3.Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэри С.Замирбек уулуна жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
Б.М.Исмаилов |