Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылдын 25-ноябры №8/1
“Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдүү киргизүү долбоорун бекитүү жөнүндө”
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн планынан ашыкча түшкөн салык каражаттарынан, долбоорлордон жана айлык акыдан үнөмдөлгөн каражаттарды жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө планга коюу боюнча Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 13-ноябрындагы долбоор сунушуна негиз Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы токтом кылат:
1.Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен товарларды сатып алуу,жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүулөрдү жүргүзүү боюнча жарыяланган конкурстардан үнөмдөлгөн каражаттары 281,6 (эки жүз сексен бир миң алты жүз) сомго, салыктардын пландан ашыкча аткарылгандары 636,0,0 (алты жүз отуз алты миң) сомго, айлык акынын үнөмүнөн 235,5 (эки жуз отуз беш миң беш жүз) сомго, жалпысы 1153,1(бир миллион бир жүз элүү үч мин бир жуз) сом
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы:
2.70921–бөлүктүн 3112-беренесине Дардак-Дөбө айылындагы А.Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө жалпы орто билим берүү мектебине генератор сатып алуу үчүн - 85,0 (сексен беш мин) сом
3.70921-бөлүктүн 3112 Кара-Суу айылындагы №9 Жеңижок атындагы жалпы орто билим берүү мектебине генератор сатып алуу үчүн - 85,0 (сексен беш мин) сом
4.70921-бөлүктүн 3112-беренесине Топ-Жангак айылындагы А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу жалпы орто билим берүү мектебине генератор сатып алуу үчүн – 85,0 (сексен беш мин) сом
5.70921-бөлүктүн 3112 Кызыл-Көл айылындагы К.Кенжебаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине генератор сатып алуу үчүн - 85,0 (сексен беш мин) сом
6.70111-бөлүктүн 2222-беренесине айыл өкмөтүнүн имаратынын от жагуучу печкасына керектелүүчү материалдарды алуу үчүн – 12,1 (он эки миң бир жүз) сом
7.70629-бөлүктүн 2221-беренесине Кара-Жыгач базарынан Кара-Суу, Кызыл-Туу айылдарына өтүүчү айланма жол салдыруу кызматы үчүн – 250,0 (эки жүз элүү миң) сом
8.70629-бөлүктүн 2222-беренесине АКез-Арт айылындагы кооптуу жерлерди көрктөндүрүү үчүн королоого – 200,0 (эки жүз миң) сом
9.70921-бөлүктүн 2222-беренесине Сыны айылындагы А.Молдокеев мектебинин ашканасына зым орнотуу үчүн – 35,0 (отуз беш миң) сом
10.70111-бөлүктүн 2215-беренесине Техникалык көзөмөл жүргүзүүгө технадзордун көзөмөлдөө кызматын алуу үчүн – 45,0 (кырк беш миң) сом
11.70629-бөлүктүн 2222-беренесине Жаңы конуштарга столбо алуу үчүн – 271,0 (эки жүз жетимиш бир миң) сом. акча каражаты планга коюлуп берилсин.
12.70111 бөлүмдүн 2215 беренесинен 5,0 (беш миң) сом акча каражатын 70911 бөлүмдүн 2215 беренесине жылдырылсын.
13.Учурдагы жардамдын атайын каражатка түшкөн 79,4 (жетимиш тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты, атайын каражаттын 70111 бөлүмдүн 2215 беренесине коюлсун.
14.Хельветас уюму тарабынан Топ-Жаңгак айылында жайгашкан “Жаркынайым” багына “Достук” балдар ойноочу аянтча куруу максатында “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунан, башкаруу аппаратынын атайын каражатка келип тушкөн 185,0 (бир жүз сексен беш миң) сом акча каражаты эмерек алууга отургузулсун.
15.Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
16.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Назарбековго жүктөлсүн.
Төрага: | Айтымбет уулу Э |