Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылдын 25-ноябры №8/2
“2026-жылдагы үлүштүк “дем берүүчү” гранттын эсебинен каржылана турган долбоорлорго өздүк салым бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 01-3/2085 сандуу “2026-жылдагы үлүштүк дем берүүчү гранттын эсесбинен аткарыла турган долбоорлорго өздүк салым бөлүп берүү” боюнча кайрылуусуна негиз Кара-Камыш айылдык кеңешинин “бюджет, финансы, инвестиция жана муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы током кылат:
1.Кара-Жыгач айылындагы “Ф-3 китепканасынын чатырын, эшик, терезелерин, пол, потологун, ички, сырткы дубалдарын толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүү” үчүн үлүштүк (дем берүүчү) грантка даярдалып жаткан 1820485 (бир миллион сегиз жүз жыйырма миң төрт жүз сексен беш) сомдук долбоордун өздүк салымы катары 2026-жылдагы бюджеттин эсебинен 309 485 (үч жүз тогуз миң төрт жүз сексен беш) сом каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.“Кара-Жыгач айылындагы К.Чекиров орто мектебинин спорт залынын ички дубалдары менен кошо эшик, терезе, полун алмаштырып оңдоп түзөөдөн өткөрүү” үчүн үлүштүк (дем берүүчү) грантка даярдалып жаткан 3 099 775 (үч миллион токсон тогуз миң жети жүз жетимиш беш) сомдук долбоордун өздүк салымы катары 2026-жылдагы бюджеттин эсебинен 526 962 (беш жүз жыйырма алты миң тогуз жүз алтымыш эки) сом каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Сай-Булуң айылындагы “К.Сапаралиев атындагы орто мектебинин эшик, терезе, чатырын, пол, потологун, ички-сырткы дубалдарын толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүү” үчүн үлүштүк (дем берүүчү) грантка даярдалып жаткан 2 034 646 (эки миллион отуз төрт миң алты жүз кырк алты) сомдук долбоордун өздүк салымы катары 2026-жылдагы бюджеттин эсебинен 345 890 (үч жүз кырк беш миң сегиз жүз токсон) сом каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4.“Чалдыбар айылындагы № 15 Б.Миңбаев атындагы орто мектебинин потологун, ички жана сырткы дубалдарын толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүү” үчүн үлүштүк (дем берүүчү) грантка даярдалып жаткан 2 535 999 (эки миллион беш жүз отуз беш миң тогуз жүз токсон тогуз) сомдук долбоордун өздүк салымы катары 2026-жылдагы бюджеттин эсебинен 431 120 (төрт жүз отуз бир миң бир жүз жыйырма) сом каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
5. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Назарбековго жүктөлсүн.
Төрага: | Айтымбет уулу Э |