Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №1
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана республикалык бюджеттен келген транспорт салыгынан 2 540 000 (эки миллион беш жүз кырк миң) сом жана жер салыгынан 903 000 (тогуз жүз үч миң) сом түшкөн акча каражатын киргизүү жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-жана 34-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана республикалык бюджеттен келген транспорт салыгынан 2 540 000 (эки миллион беш жүз кырк миң) сом жана жер салыгынан 903 000 (тогуз жүз үч миң) сом түшкөн акча каражатын киргизүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен келген транспорт салыгынан 2 540 000 (эки миллион беш жүз кырк миң) сом жана жер салыгынан 903 000 (тогуз жүз үч миң) сом- жалпы 3443000 (үч миллион төрт жүз кырк үч миң) сом түшкөн акча каражаты Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүмүнө кириштелсин.
2. Чыгаша бөлүмү Республикалык бюджеттен келген 3443000 (үч миллион төрт жүз кырк үч миң) сом акча каражаты 2511 беренесине “Чаек” муниципалдык ишканасына субсидия катары берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн сметасында каралган акча каражаты 2511 беренесине ич ара беренелерден жылдырылсын.
1) АУП 2111 беренесинен 2511 беренесине -500 000 (беш жүз миң) сом;
2) АУП 2121 беренесинен 2511 беренесине – 51 000 (элүү бир миң) сом;
3) АУП 3111 беренесинен 2511 беренесине – 420 000 (төрт жүз жыйырма миң сом;
4) АУП 3112 беренесинен 2511 беренесине – 390 000 (үч жүз токсон миң) сом;
5) Компенсация 2721 беренесинен 2511 беренесине – 100 000 (жүз миң) сом;
6) Жайыт бөлүмү 2215 беренесинен 2511 беренесине – 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом;
7) Мектеп 2211 беренесинен 2511 беренесине – 81 000 (сексен бир миң) сом;
8) Мектеп 3112 беренесинен 2511 беренесине – 84 000 (сексен төрт миң) сом;
9) “Нур-Булак” балдар үйү 2218 беренесинен 2511 беренесине – 207 300 (эки жүз жети миң үч жүз) сом;
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |