Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2025-жылдын 23-декабры №2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата планын” жана “2025-2030-жылдарга жайыттарды пайдалануунун планын” бекитүү жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата планын” жана “2025-2030-жылдарга жайыттарды пайдалануунун планын” бекитүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата планы” жана “2025-2030-жылдарга жайыттарды пайдалануунун планы” бекитилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.
Төрага | А. Муталиев |