Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 4-сентябры №6/1
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышын камсыздоо жөнүндө
Күн тартибине коюлган 2-маселени кароо боюнча Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Т.Алимбекованын Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы боюнча жасаган баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча тиешелүү Жобо иштеп чыгуу жана жергиликтүү тургундарга “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Абсатар уулу М