Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 4-сентябры №6/2
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал айылынын тургуну
Абдигапар уулу Илязбектин арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 2-маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал айылынын тургуну Абдигапар уулу Илязбектин жеке менчик 1280,0 чарчы метр турак жай жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясытөмөндөгүдөй, токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал айылынын тургуну Абдигапар уулу Илязбектин жеке менчик 1280,0 чарчы метр турак жай жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Арал айылынын тургуну Абдигапар уулу Илязбектин жеке менчик 1280,0 чарчы метр турак жай жерин коммерциялык багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абсатар уулу М