Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
2025-жылдын 08-октябры №7/2
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдын III кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынган 2025-жылдын III кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясында карап жана талкууланып чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын III кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин кирешеси жыл башына бекитилген планга карата өзгөрүүлөрү №1- тиркемеге ылайык.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын III кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага Абсатар уулу М