Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2025-жылдын 23-декабры №3
“Органикалык айыл чарбасы” статусун алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигинин 2025-жылдын 13-августундагы №056/2-9/289 катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №255 токтому менен бекитилген “2025-2029-жылдын Кыргыз Республикасында органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Органикалык айыл чарбасы” статусун алуу жөнүндө” угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигинин 2025-жылдын 13-августундагы №056/2-9/289 катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №255 токтому менен бекитилген “2025-2029-жылдын Кыргыз Республикасында органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Органикалык айыл чарбасы” статусу кабыл алынсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Жумгал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А. Муталиев |