Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2025-жылдын 23-декабры №4
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын)
кезексиз II сессиясынын 2024-жылдын 25-декабрындагы №13 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасын жетекчиликке алып Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын 2024-жылдын 25-декабрындагы №13 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасын жетекчиликке алып Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын 2024-жылдын 25-декабрындагы №13 сандуу токтомунун 2-пунктунун 15 сабындагы “кишилер үчүн-40 сом, окуучулар үчүн -20 сом” деген тексти “кишилер үчүн -50 сом, окуучулар үчүн 25-сом” деген текстке алмаштырылсын.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |