Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2025-жылдын 23-декабры №5
Чаек айылында Э.Матыев көчөсү №2в дарегинде жайгашкан 4-03-10-1001-3365 бирдейлештирилген коду менен каттоодо турган менчиктин түрү муниципалдык болгон 1,84 (бир гектар сексен төрт сотых) жер тикесинин багыты өндүрүштүк (производственный) болуп тургандыктан соода-сатык (коммерциялык) багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айылында Э.Матыев көчөсү №2в дарегинде жайгашкан 4-03-10-1001-3365 бирдейлештирилген коду менен каттоодо турган менчиктин түрү муниципалдык болгон 1,84 (бир гектар сексен төрт сотых) жер тикесинин багыты өндүрүштүк (производственный) болуп тургандыктан соода-сатык (коммерциялык) багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айылында Э.Матыев көчөсү №2в дарегинде жайгашкан 4-03-10-1001-3365 бирдейлештирилген коду менен каттоодо турган менчиктин түрү муниципалдык болгон 1,84 (бир гектар сексен төрт сотых) жер тикесинин багыты өндүрүштүк (производственный) болуп тургандыктан соода-сатык (коммерциялык) багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |