Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2025-жылдын 23-декабры №6
Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө.
Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго
1) Чаек айыл аймагынын Шортон участкасына мал базар куруу;
2) Чаек айыл аймагындагы бала бакчаларга инвентарь алуу долбоорлору сунушталсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун өздүк салымы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |