Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-сентябры №45
Той маареке, салтанаттарга чектөө коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 сандуу тапшырмасынын талаптарын аткарууга алуу максатында Жаңы-Жер айыл аймагында той маареке, салтанаттарды өткөрүү убагын чектөөгө алуу үчүн Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 сандуу тапшырмасы аткарууга алынсын.
2. Жаңы-Жер айыл аймагында өткөрүлүүчү той – маарекелер, салтанаттар кечки саат 22:00 баштап токтотулсун.
3. Ар бир айылдын башчыларына, активисттер жана той-маареке, салтанаттардын өткөрүлүшү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жана Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөсүнө той-маареке, салтанаттардын өткөрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|