Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-сентябры №49
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылындагы жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын Токтогул көчөсүнүн №116 дарегиндеги 8030310030051-кодундагы 1500.00 м.кв турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын соода түйүнүнө өзгөртүү жөнүндөгу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыздарынын негизинде, Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын Токтогул көчөсүнүн №116 дарегиндеги 8030310030051-кодундагы 1500.00 м.кв турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын соода түйүнүнө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|