Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №50
IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, III Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрында кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрына саат 10:00 гө Арка айылынын Жеңиш маданият үйүндө өтүлө тургандыгы белгиленсин.
2. IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо III Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрындагы чечими менен бекитилген Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобо ылайык уюштурулсун жана өткөрүлсүн.
3. Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына катыша турган делегаттарынын жалпы саны айылдын жашоочуларынын санына жараша төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
- Арка айылына – 24 делегат;
- Борбордук айылына – 16 делегат;
- Достук айылына – 19 делегат;
- Жаштык айылына – 21 делегат.
4. Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоого жарандардын ар бир айыл боюнча жыйындарды өткөрүүнүн графиги №1 -тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы №2 – тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык техникалык
камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|