Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №51
Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында жайгашкан 13,20 га жер аянтынын багытын бир категориядан башка бир категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө
“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 6-октябрындагы №01-13/4110 сандуу аныктамасынын негизинде, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн (мурдагы “Коминтерн” совхозунун 1993-жылдын март айындагы №5920, шифр №1051 инвентаризациялоо материалына) ылайык жалпы аянты 13.20га жер, анын ичинен №91-контурундагы 3.10 га жер аянты тыт бактары астындагы жер, №92-контурундагы 0.10 га жер аянты калктуу конуштар астындагы жер, №93-контурундагы 6.90га жер аянты тыт жер, №94-контурундагы 2.60 га жер аянты тыт бактары астындагы жер, №95-контурундагы 0.50 га жер аянты жүзүм бак астындагы жерлердин багытын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Арка айылындагы муниципалдык базар курууга жана башка өндүрүштүк аймакка сунушталган жалпы 13.20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформация) макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык даярдоо жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|